Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

Гавайи: Мауи аралында өрттөн каза тапкан адамдардын саны 96га жетти


Штаттын губернатору Лахайна тарыхый шаарында 2700дөн ашык имарат жабыркаганын маалымдады.
Штаттын губернатору Лахайна тарыхый шаарында 2700дөн ашык имарат жабыркаганын маалымдады.

АКШнын Гавайи штатындагы Мауи аралындагы өрттө мерт болгон жарандардын саны бери дегенде 96га жетти. Жергиликтүү бийлик бул көрсөткүч дагы өсүшү ыктымалдыгын, учурда жүздөгөн адамдын дайыны чыкпай жатканын билдирди.

Би-би-си куткаруучуларга шилтеме кылып, өрт чалган аймактын 3% гана иликтенгенин жазды.

Штаттын губернатору Жош Грин 13 миңдей адам жашаган Лахайна тарыхый шаарында 2700дөн ашык имарат зыянга учураганын маалымдады. Мауи округунун бийлиги өрттүн эки очогун өчүрүү дагы деле уланып жатканын кабарлады.

Мауиде өрт өткөн аптанын башында тутанган жана "Дора" ураганынан улам катуу соккон шамал өрттүн кыска убакытта бир топ аймакка жайылышына түрткү берген.

Гавайидеги тилсиз жоо соңку бир кылымдан ашык убакыт ичинде АКШнын аймагында эң көп адамдын өмүрүн алган ири өрт кырсыгы болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG