Боснияда түз ободо аялдын өлүмүнөн кийин Аза күтүү күнү жарыяланды

Босния жана Герцоговинада түз ободо аялдын өлтүрүлүшүнөн кийин нааразылык акциясына чыккандар. 14-август, 2023-жыл.

Босния жана Герцоговинада Градачац шаарындагы үч кишинин өлүмүнө байланыштуу 16-август Аза күтүү күнү жарыяланды.

11-августта жергиликтүү тургун Инстаграмда түз ободо аялын атып өлтүргөн. Трансляцияны ошол маалда 12 миңдей адам көрүп турган. Видеодо ары жакта баланын ыйы угулган.

Кийин ошол эле киши дагы эки адамды өлтүргөнүн айтып видео жүктөгөн. Көп өтпөй 35 жаштагы кылмышка шектүү өз жанын кыйган. Ал эмне себептен бул ишке барганы азырынча белгисиз.

Болгону ал буга чейин полицияга кол салуу жана маңзат аткезчилигине айыпталып, камалып чыкканы маалым болду.

14-августта миңдеген адам Босния жана Герцоговинанын бир катар шаарларында, баш калаа Сараеводо нааразылык акциясына чыгып, аялдарга карата зомбулукту токтотууну, мыйзамдарды катаалдатууну, кыз-келиндердин укугун коргоону талап кылышты.

Дагы караңыз

Бразилиялык футболчу Неймар Саудиянын «Аль-Хиляль» клубуна өттү Төрөт учурунда жабыркаган ымыркайдын абалы туруктуу оор деп мүнөздөлүүдөМухриддин: Санкциялар Москва менен Дүйшөмбүнүн алакасына таасир этпейт