Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Мухриддин: Санкциялар Москва менен Дүйшөмбүнүн алакасына таасир этпейт


Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.

Орусияга каршы салынган Батыштын санкциялары орус-тажик алакасына кедергисин тийгизбейт. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 15-августта Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында журналисттерге билдирди.

Ал Тажикстан мындан ары да Орусия менен байланыштарын бекемдөөнү көздөй турганын белгиледи.

«Биздин негизги стратегиялык өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Орусия менен алакабыз тышкы жагдайларга көз каранды эмес. Биз бул мамилелерди акырындап, логикага салып, биздин улуттук кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен өнүктүрүп жатабыз», - деди Мухриддин.

Ошону менен катар Мухриддин расмий Дүйшөмбү мурдагыдай эле ачык эшик саясатынын алкагында бардык мамлекеттер менен кеңири алакаларды сактоого кызыкдар экенин кошумчалады.

Май айынан бери Орусияда эмгектенген тажикстандыктар полициянын ур-токмогуна кабылганы тууралуу кабарлар чыгып келет. Арасында бул өлкөдө билим алган тажикстандык студенттер да бар. Алар жапырт кармалып, ондогону депортацияланды.

Тажик бийлиги бул боюнча Кремлге кайрылганы кабарланганы менен, мигранттардын айтымында, азырынча майнап чыга элек.

Орусия Украинага согуш ачканы үчүн Батыш бир нече айлампа менен Москвага санкцияларды салган. Ошондой эле Кремлге санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшүп жатканы үчүн Борбор Азиядагы, анын ичинен Кыргызстандагы бир нече ишкана санкциялык тизмеге киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG