Астана акими жармаңкедеги талап-тоноону сындады

Жармаңкеде Тажикстандын жер-жемиштерин талап жаткан Астананын тургундары. 26-август, 2023-жыл.

Казакстандын баш калаасы Астананын акими Женис Касымбек дем алыш күндөрү тажикстандык жер-жемиштердин жармаңкесинде шаардыктар маданиятынын деңгээлинин төмөндүгүн көрсөттү деп билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, айрымдар декорацияларды бузуп, жер-жемиш тизилген текчелерди талкалаган.

"Бул - маданияттын төмөндүгүнүн, бирөөнүн эмгегин баалабастыктын көрсөткүчү. Айрымдардын жосунсуз иш-аракеттеринен улам Астананын бардык тургундарына көө жабылды", - деп жазды аким Фейсбуктагы баракчасына.

Социалдык тармактарга Астананын айрым тургундары жер-жемиштерди талап жатканы чагылдырылган видео тараган.

Тажикстандын айыл чарба продукцияларынын, улуттук тамактарынын көргөзмө-жармаңкеси Астанадагы ЭКСПО аянтында өткөн. Тажикстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулган иш-чаранын ачылышы эки мамлекеттин президенттеринин катышуусунда өткөн.

Дагы караңыз

Крым аннексиялангандан бери 106 адам "Хизб ут-Тахрир" иши боюнча камалдыОрусия: "Сахарово" борборунда 200дөн ашык кыргыз жараны кармалып туратФранцияда мектепте мусулман аялдардын көйнөгү - абаяга тыюу салынат