Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Крым аннексиялангандан бери 106 адам "Хизб ут-Тахрир" иши боюнча камалды


Орус бийлиги "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар деген кине менен кармап кеткен Раиф Февзиев Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аймактык аскердик сотунда. 12-январь, 2022-жыл.
Орус бийлиги "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар деген кине менен кармап кеткен Раиф Февзиев Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аймактык аскердик сотунда. 12-январь, 2022-жыл.

Крымды Орусия аннексиялап алгандан бери Украинанын 106 жараны "Хизб ут-Тахрир" иши боюнча куугунтуктоонун курмандыгына айланды.

Бул тууралуу "КрымSOS" укук коргоо уюмунун өкүлү Евгений Ярошенко 28-августта билдирди.

"Камалгандардын төртөө жаза мөөнөтүн өтөп бүттү, сегизден жыйырма жылга чейин кесилген 84 киши учурда түрмөдө отурат. 2019-жылы камалган крым татары Жемил Гафаров быйыл 10-февралда абакта көз жумду", - деди ал.

Өткөн аптада орус полициясы крым татарларынын үйүндө тинтүү жүргүзүп, "террордук уюмду уюштуруу жана анын ишмердигине катышуу" деген айып менен алты кишини кармап кеткен.

Украина президентинин Крымдагы өкүлчүлүгү (анын кеңсеси азыр Киевде жайгашкан) маалымдагандай, жарым аралда учурда 182 саясий туткун бар. Алардын жүздөн көбү - крым татары.

2015-жылдан тартып Крымдын орусиячыл бийлиги мусулмандарды "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар деген айып менен жапырт кармап келет. Бул уюмга Украинада тыюу салынган эмес. Бирок ал Орусияда 2003-жылдан тартып террордук уюмдардын катарына кирет.

Крым татарларынын көбү Орусиянын жарым аралды аннексиялап алышына каршы чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG