Энтони Блинкен Кыргызстанды эгемендик күнү менен куттуктады

Энтони Блинкен.

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстанды эгемендик күнү менен куттуктады. Анда Вашингтон Бишкек менен эркин коом курууга көмөктөшкөн институтттарды колдоо аркылуу кызматташууга умтуларын белгиледи.

"Биз Кыргызстандын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын жактоодо туруктуулугубуздан жазбайбыз. Биз келечекке үмүт менен карап, экономика, коопсуздук жана адамдар ортосундагы мамилелер жаатында кызматташтыгыбызды бекемдеп, аялдардын экономикалык коопсуздугун камсыздоону жогорулатып, таза энергетика жаатында алаканы кеңейтүүнү улантабыз. Кыргызстандын эли өлкө эгемендигинин 32 жылдыгын белгилеп жатат. Биз аларга биздин жалпы максатыбыз болгон коопсуз жана өнүккөн Кыргызстандын калыптанышын, бекем америка-кыргыз өнөктөштүгүн каалайбыз",-деди Блинкен.

Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдык мааракесиндеги негизги салтанаттар Ош шаарында өтүп жатат.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн эгемендик күнү жарыялаган.

Дагы караңыз

Кыргызстандын эгемендик күнүндөгү негизги салтанат Ошто өтүп жататБритания Кыргызстанга чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшөтАКШ: Москва курал жөнүндө Пхеньян менен тымызын сүйлөшүп жататБШК: Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болот Кыргызстанда жарандарды миграцияга даярдаган борборлор ачылат Ленин округундагы кайра шайлоо: Кадыралиеванын арызы иликтенетМаданият министрлиги Кыргызстанда ТикТоктун колдонулушуна тыюу салды Бишкекте мектептердеги коррупцияга шек саналып дагы эки адам камалды