Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Ленин округундагы кайра шайлоо: Кадыралиеванын арызы иликтенет


БШК.
БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-августагы жыйынында Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоонун үгүт өнөктүгүндөгү маселелерди талкуулады. Анда мыйзам бузуулар тууралуу кайрылуулар түшүп жатканы айтылды. Талапкерлердин бир Ыргал Кадыралиеванын буга байланыштуу видеокайрылуусу аталган райондук милициянын Эсепке алуу журналына катталып, текшерүү башталганы маалымдалды.

Мунун алдында Кадырлиева айрым талапкерлер добуш сатып алууга аракет кылып жатканын билдирген жана буга байланыштуу өлкө жетекчилерине кайрылган.

БШК Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген 34 кишинин 25ин талапкер кылып каттаган. Алардын арасында Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталып үй камагына алынган активист Чыңгыз Капаров менен июлдун башында Бишкекте таза сууну талап кылган акциядан кийин тергөө абагында отурган активист Эртай Искаков бар.

БШК ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абировдун кайра шайлоого катышуу арызын четке каккан. Абиров мандатын тапшырганы үчүн шайлоо өнөктүгү башталганын, ал башкалар шайлануусу үчүн орун бошотуп бергендиктен, кайра шайлоого катышпашы керектиги айтылган.

Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Бул округдагы кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген айып коюлган.

Мыйзам боюнча эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир ай ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG