Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Кыргызстанда келерки Элдик курултай 15-декабрда өтөт


Былтыр курултай 25-26-нобярда өткөн.
Былтыр курултай 25-26-нобярда өткөн.

Президент Садыр Жапаров 29-августта "Элдик курултай өткөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Документке ылайык, келерки курултай ушул жылдын аягына, 15-декабрга белгиленди. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден 700 делегатты шайлоо, курултайдын өткөрүү регламентинин долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди.

Өткөн аптада Садыр Жапаров былтыркы курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Документке "Элдик Курултай” жөнүндө мыйзамы кабыл алынып, күчүнө киргени себеп болгону жазылган.

Былтыр 25-26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултай президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгынын негизинде өткөн.

Элдик курутай жөнүндө мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров сунуштаган. Аны кароо учурунда Жогорку Кеңештеги сын-пикирлерден кийин долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн.

Топтун башчысы, депутат Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин, делегаттардын саны 1070ден 700гө азайтылганын жана делегаттардын ыйгарым укуктары шайлангандан тартып курултай аяктары менен токтотулары жазылганын билдирген.

Бул мыйзамга президент 24-июлда кол койгон.

Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз берген жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген, мыйзам кабыл алынып, курултай ошол жылдын аягына чейин чогулушу керек эле. Бирок долбоор парламенттен колдоо тапкан эмес.

2022-жылдын февраль айында президент мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 11 адамдан турган жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев төрага болгон. Долбоор да талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Ошол жылдын ноябрындагы биринчи курултай президенттин жарлыгынын негизинде уюштурулган.

Оппозиция мыйзам кабыл алына электе президенттин жарлыгы менен курултай чакырылганын мыйзамсыз деп атаган.

XS
SM
MD
LG