Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Сириядан Кыргызстанга 31 аял жана 64 бала алынып келди


Сириядан Кыргызстанга алынып келген келиндер балдары менен. ТИМ тараткан сүрөт.
Сириядан Кыргызстанга алынып келген келиндер балдары менен. ТИМ тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Айкөл" гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден кыргызстандык жарандар алынып келгенин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 31и аялдар, 64ү жашы жете элек балдар. Бул иш-чарага АКШнын өкмөтү баштаган эл аралык уюмдар көмөктөштү.

"Кыргызстандык жарандарды Сириядан репатриациялоонун экинчи этабы тышкы саясат, улуттук коопсуздук, укук коргоо, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо тармагындагы мамлекеттик органдардын биргелешкен аракетинин негизинде ийгиликтүү ишке ашты. Кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн, ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет",-деп жазылган маалыматта.

ТИМ Кыргызстандан барган делегация өкмөттүн тапшырмасы менен Сирияда лагерде башкалкалап жаткандарга дары-дармек, гуманитардык жардам жеткиргенин кошумчалады.

Ушул жылдын башында "Айкөл" миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала атайын борт менен алынып келген. Анда дагы АКШ баштаган эл аралык уюмдар көмөктөшкөн.

Улуттук коопсуздук комитетитин 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG