Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Казакстанда орус тилин окутуу азайганын айткан консул иштен кетти


Евгений Бобров.
Евгений Бобров.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Алматы шаарындагы башкы консулу Евгений Бобров бул өлкөдө мындан ары иштебей турганын билдирди. Мекеменин өкүлү Айбек Смадияров анын дипломатиялык миссиясы аяктаганын айтты. Ал Бобровдун иштен кеткени анын орус тили тууралуу соңку билдирүүсү менен байланышы бар-жогун тактаган жок.

Мунун алдында Бобров ТАСС агенттигине курган маегинде Казакстанда соңку жылдары орус тилдүү мектептердин, класстардын саны кыскарып жатканына токтолгон.

"Бул бир жагынан орус тектүү калктын 15% чейин азайышы менен байланыштуу. Экинчи жактан, Агартуу министрлиги казак тилине басым жасоо менен окутуу программасын өзгөртүп жатат",-деген орус дипломаты.

Былтыр Казакстанда 1-класстын окуучуларына орус жана англис тилин үйрөтүү токтотулган. Агартуу министри Асхат Аймагамбетов мектепке жаңы кирген балдар алгач казак тилинде жазганды, окуганды үйрөнүп туруп башка тилдерге киришерин айткан.

Ошол маалда бийлик өкүлдөрү жакынкы жылдары өлкөдө орус мектептери, класстары жоюулары тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG