Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Кызыл-Кыя: жолбун ит капкан сегиз адамдын алтоо ооруканадан чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит каап алган сегиз адамдын алтоо 28-августта ооруканадан чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган аймактагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана инфекциялык оорулар башкармалыгынын кабарлашты.

Жолбун ит капкан сегиз адам 25-августта ооруканага жаткырылган. Саламаттык сактоо министрлиги аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалганын, инфекциянын жайылытпоо үчүн эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар уланып жатканын билдирген.

Маалыматка ылайык, адамдарга кол салган ит табылып, жок кылынды. Текшерүү үчүн Баткендеги ветеринардык лабораторияга патологиялык материал (иттин мээси) жөнөтүлгөн.

Жолбун ит андан сырткары үч бодо малга дагы тиш салганы аныкталган. Министрлик бодо мал он күндүк байкоого алынарын кошумчалаган.

Адамдарга кутурма оорусу дээрлик 99% учурда иттен (каап алганда шилекейи аркылуу) жугат. Илдетти башка жаныбарлар дагы жайылткан көрүнүштөр кездешет. Адистер ит тиштегенде сөзсүз дарыгерлерге кайрылуу керектигин эскертишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG