Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

УКМК Аспековдун күнөөлүү эместиги тууралуу билдирүүсүн төгүндөдү


Мелис Аспеков Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун санаалашы болгон.
Мелис Аспеков Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун санаалашы болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) президент Садыр Жапаровдун мурдагы санаалашы, активист Мелис Аспековдун күнөөсүн далилдебегени үчүн атайын кызматы ага 10 миң доллардан ашык акчасын кайрып бергени тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарды. Анда “опузалап талап кылуу” жана “алдамчылык” беренелери менен козголгон кылмыш ишинде сот аны күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратканын белгиледи.

"Мелис Аспековго кайтырылып берилген каражат анын үйүн тинтүү маалында алынган жана далил буюм катары каралган эмес, иликтөөгө тиешеси жок болгон. Айыптоо өкүмү күчүнө киргенден кийин мыйзамдын талабына ылайык акча өзүнө кайтырылып берилди. Мындан улам Аспеков күнөөлүү жана акча талап кылуу жана алдамчылык беренелери менен соттолгон болсо дагы УКМКнын ага акчасын кайрып бергенин айыбы жоктугу менен байланыштырып, коомчулукту атайлап адаштырып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Аспеков Фейсбуктагы баракчасына атайын кызмат аны кармап жатканда аларга өз ыктыяры менен берген акчасын күнөөсү жоктугу үчүн кайтарып бергенин жазган. Тергөөчү менен сот анын айыбын далилдей албаганын билдирген.

Аспеков ушул жылдын май айында абактан президенттин ырайымынын негизинде бошотулган.

Былтыр мартта Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, соттун биринчи инстанциясынын өкүмүндөгү Аспековду "алдамчылык" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасын берген эмес. Бирок Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын башында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып кошулуп, “алдамчылык” беренеси кошулган.

Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирип келген. Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG