Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Нарында "вагнерчи" деп шек саналган жарандын соту башталат


Кылмышка шектүүнүн атайын кызмат тараткан сүрөтү.
Кылмышка шектүүнүн атайын кызмат тараткан сүрөтү.

Нарын шаардык соту 28-августта Украинадагы согушка катышып келгени аныкталып, камакка алынган Бекназар Бөрүгул уулунун ишин карай баштайт. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз катчысы Барктабас Белеков билдирген.

Буга чейин аталган сотто кылмышка шектүүнүн бөгөт чарасын өзгөртүү, үй камагына чыгаруу тууралуу анын аялынын арызы каралган эмес. Белеков аны тергөө материалдары сотко өтүп, алгачкы отурумдун күнү белгиленгенини менен түшүндүргөн.

Нарындын 27 жаштагы тургунун 1-августта күч органдары жалданмачылыкка шектүү катары кармашкан. Ал Орусияда абакта отурган жеринен “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышып, мекенине 8-июлда кайтып келгени аныкталган.

Шектүүнүн аялынын айтымында, ал 2020-жылы Орусияга иштегени кеткен. Бир жыл өтпөй маңзат сатууга шек саналып кармалып, 10 жылга соттолгон. Былтыр жыл аягында “вагнерчилердин” катарына кошулуп, Украинадагы согушка кеткен.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) шектүү тууралуу 15-августта расмий маалымат таратып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” деген беренесине ылайык мындай кылмышка баргандардын мүлкү конфискация болорун жана беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратыларын эскерткен. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG