Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Орус жарандыгын алгандар аскерге барбаса жарандыктан ажырашы мүмкүн


Мамлекеттик Дума.
Мамлекеттик Дума.

Орусияда Мамлекеттик Дума келерки аптада жарандык алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу каралган мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев билдирди.

Буга чейин ал орус жарандыгын алгандар өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аскердик каттоого турбаса, аскердик милдет өтөөдөн баш тартса, бул жагдай аларды жарандыктан ажыратууга негиз болорун айткан. Ошондой эле аларды депортациялоону, үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн дагы жарандыктан ажыратууну сунуштаган.

Орус мыйзамдарына ылайык, бул өлкөнүн жарандыгын алган, аскерге жарамдуу адам колуна паспорт тийгенден кийин эки аптанын ичинде аскер комиссариаттарына барып каттоого турушу керек.

Орусиянын президенти Владимир Путин ушул жылдын апрель айында армия тууралуу жалган маалымат тараткан, аны “каралаган”, убагында орус жарандыгын алгандарды атуулдуктан чыгаруу тууралуу мыйзамга кол койгон.

Буга чейин “Азаттык” Орусияда иштеген кыргыз жараны армияга чакыруу алганын жазган. Аскер комиссариатына барып текшергенде, ага запастагы аскер экенин, керек учурда аны согушка чакырышарын айтышканы белгилүү болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда ушул тушта бир миллиондон ашык кыргызстандык жаран иштеп, окуп, жашап жүрөт. Айрым булактарга караганда алардын теңине жакыны бул өлкөнүн жарандыгын алган.

Соңку күндөрү Орусияда мигранттарга карата текшерүүлөр күч алды. Хабаровск шаарында полициянын рейди учурунда качууга аракет кылган 20 жаштагы кыргыз жараны октон жараат алып, оор абалда ооруканада жатат.

Өткөн айдын соңунда такси айдаган мигранттардын жапырт кармалышы боюнча видеолор социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкууланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG