Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Токаев казак-кыргыз чек арасындагы жагдайды жөнгө салууну тапшырды


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Акордонун расмий Телеграм-каналы билдирди.

“Мамлекет башчы өкмөткө казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин негизинде жөнгө салууну тапшырды. Ошондой эле, чек арадан мыйзамсыз товар ташууну болтурбоо үчүн санариптештирүүнү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси тууралуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин белгиледи”, - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы 26-августтагы жагдай тууралуу маалымат тарата элек.

Аталган мекеме 25-августта кырдаал өзгөрө электигин, жүздөгөн жүк ташыган машина Казакстанга өтө албай кезекте турганын билдирген.

Ага ылайык, "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 350дөн ашык, "Чалдыбарда" 88, "Кең-Булуңда" 38, ал эми "Чоң-Капкада" 82 машина турганы маалымдалган.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) министри Арзыбек Кожошев Астана кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды териштирүү үчүн түзүлгөн байкоо тобунун расмий кайрылуусуна жооп бере электигин жума күнү айткан.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги чек ара өткөрмө бекетиндеги кезек күтүү 20-августта башталганын билдирип, казак тарапты "Евразиялык экономикалык биримдиктин принциптерин сактабай жатат" деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Астананын айынан чек арадагы жүк ташуу түйшүгү буга чейин дагы бир канча жолу жаралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG