Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Эстония: Калластын күйөөсү Орусия менен бизнесин токтоторун айтты


Кая Каллас менен анын күйөөсү Арво Халлик.
Кая Каллас менен анын күйөөсү Арво Халлик.

Эстониянын премьер-министри Кая Калластын күйөөсү Арво Халлик Stark Logistics компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгарын, акцияларынын баарын сатарын билдирди. Бул тууралуу Эстониянын Улуттук телерадиокорпорациясы (ERR) кабарлады.

Халлик эстон журналисттери үчүн жасаган билдирүүсүндө анын Орусия менен байланышы бар бизнесинен улам жаралган жаңжал жубайынын кадыр-баркына кандай кесепетин тийгизерин түшүнүп турганын айтты.

Мунун алдында ERR Калластын күйөөсү Орусияга жүк жеткирип акча табарын иликтеп чыккан. Анда Халликтин Орусия менен кызматташкан Stark Logistics транспорт компаниясында үлүшү бар экени белгилүү болгон..

Эстониянын президенти Алар Карис өкмөт башчыдан буга байланыштуу түшүндүрмө талап кылган. Парламентте премьер-министрдин отставкасы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Каллас иликтөө тууралуу учкай гана жооп берип, Stark Logistics компаниясына тиешеси жоктугун жана бул тууралуу бардык суроолор ишканага узатылышы керек экенин айткан.

Орусия Украинага согуш ачкан күндөн тарта Эстония - Киевге активдүү колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн бири. Расмий Таллин украиндерге каржылык жактан гана жардам бербестен, курал-жарак да жөнөткөн.

Ал эми өкмөт башчы Кая Каллас орусиялыктарга Евробиримдикке кирүү визасын берүүнү токтотууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG