Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Түндүк-түштүк кошумча жолундагы "Көк-Арт" тоннели казылып бүттү


Түндүк-түштүк жолу, архивдик сүрөт.
Түндүк-түштүк жолу, архивдик сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы "Көк-Арт" тоннелин казуу толугу менен аяктап, учурда бекемдөө иштери жүрүп жатканын билдирди

"Тоннел Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, жолдун 334-338-чакырымында Казарман- Жалал-Абад тилкесинде жайгашкан. Узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Объект даяр болгондон кийин карама-каршы чыккан жүк ташуучу машиналар эркин өтө алат. Долбоордун баасы 136 миллион доллар, тоннелди 2024-жылдын аягына чейин толук бүтүрүү каралган",-деп жазылган маалыматта.

Аталган министрлик июль айында бул жолдун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымы курулуп бүткөнүн билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште жол куруудагы коррупцияга байланыштуу сын-доомат айтылып, иликтөө үчүн депутаттык топ түзүү сунушталган.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт.

Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Мындан туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Быйыл жыл башында Көк-Арт ашуусунда кичи кошумча тоннел ачылган.

Жаз айларында жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG