Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

АКШнын экс-президенти Трамптын соту келерки жылы мартта башталат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракет кылган деген айып менен козголгон кылмыш ишин сотто териштирүү келерки жылы мартта башталат. Бул тууралуу федералдык судья Таня Чуткан билдирди жана бул чечимин "коомчулуктун бул маселенин чукул жана натыйжалуу чечилишине укугу бардыгы" менен негиздеди.

Трамптын адвокаттары соттук териштирүүнү 2026-жылы апрелде, келерки шайлоо өткөндөн 1,5 жылдан кийин баштоо керектигин билдирип жатышкан.

Өткөн аптада Трамп формалдуу түрдө камалып, ошол эле күнү дароо күрөө 200 миң доллар төлөгөндөн кийин бошотулган. Формалдуу мындай жол-жобо Атланта шаарынын түрмөсүндө жүргүзүлгөн. Бул шаарда Жоржия штатынын Фултон округдук прокуратурасы жайгашкан. Аталган мекеме жакында Трампка соңку президенттик шайлоонун бул округдагы жыйынтыгын бурмалоо максатында көмүскө келишимге барган деген негизде айып таккан.

Бул Кошмо Штаттарынын 45-президентине карата козголгон төртүнчү кылмыш ишинде тагылган айып болуп калган.

Бул кылмыш иши 2021-жылы январда Трамптын аталган штаттын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына "11 780 добуш" таап берүүгө жардамдашууну суранган.

2020-жылдагы шайлоодо Жо Байден Жоржияда уткан.

Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.

Ушул айдын башында Вашингтондун соту Трампка “2020-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу максатында кутум уюштурган” деген айыпты расмий угузган. Биринчи соттук отурум 3-августта болуп, келеркиси 28-августка дайындалган.

Бул 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трампка каршы ачылган үчүнчү жана эң олуттуу кылмыш иши болуп калган.

Трамптын шайлоо штабы жаңы айыптоолорду “Башкы прокуратуранын шайлоо жараянына таасир этүү аракети” деп атаган.

2021-жылдын 6-январында Трамп катышкан митингден кийин анын тарапкерлери АКШнын Капитолийине басып кирген. Алар Конгресстин Байдендин жеңишин бекитишине тоскоолдук кылууга аракет кылган.

Трамп АКШнын тарыхында айып тагылган биринчи экс-президент болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG