Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

1-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 24…26 градус жогору болот.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Эгемендик күнү менен куттуктадыТажик банкирин өлтүрүүгө шектүү эки адам Орусияда кармалды Кыргызстандын эгемендик күнүндөгү негизги салтанат Ошто өтүп жататЭнтони Блинкен Кыргызстанды эгемендик күнү менен куттуктады