Адвокат депутат Мадумаровдун иши тергелип бүткөнүн айтты

Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергеп бүткөнү кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” 26-сентябрда саясатчынын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

“Тергөөчү “тергөө аяктады. Келип таанышкыла андан кийин сотко өткөрөм” деди. Кантип эле тез тергеп бүтүп салды таңкалып жатабыз”, - деди адвокат.

ИИМдин Тергөө башкармалыгы саясатчынын иши тергелип бүткөнү тууралуу маалымат бере элек.

Майрамбек Жумабеков 26-сентябрда Адахан Мадумаровдун ден соолугу начарлап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мекемесинде текшерүүдөн өткөнүн кошумчалады.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кеткен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (BTo)

Дагы караңыз

Арменияда бийликтин кетишин талап кылган демонстранттар жол тосту Хорезмде педофилияга айыпталган аткаминерлердин иши кайра каралууда Салык кызматы көмүскө экономиканын үлүшүн 34% деп эсептедиДзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарынын чемпиону болдуЖаңы-Жердеги калайман мушташ боюнча дагы эки адам кармалдыДепутат "Бүтүн Кыргызстандын" бардык мүчөлөрүнө куугунтук болуп жатканын айтты