Кыргызстанда 841 мугалим жетишпейт

Чоң-Алай районундагы мектептердин бири. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда орто мектептерде 841 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Ал келтирген маалыматка ылайык, Бишкекте 213, Ош шаарында 25, ал эми облустардан Баткенде 129 мугалим жетишсиз. Алардын көбү орус тили жана так илимдер боюнча предметтерге тиешелүү.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 82 миң мугалим бар. Алардын үчтөн экиси элет жеринде эмгектенет.

Парламенттеги тармактык комитет билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин карап жатат. Аны президент Садыр Жапаров 28-сентябрда министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Догдуркүл Кендирбаева “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору болуп иштеп келген. Ал 2012-жылдары билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

Дагы караңыз

Бишкекте 40тай тез татым жайы текшерилди, 10у убактылуу жабылдыПрезидентке кайрылган миңден ашык соттолуучунун 330уна ырайым берилди Бишкекте шаурмадан жапырт уулангандардын саны 70тен ашты ЖК: комитет карызын аэропорттордо төлөөгө жол ачкан мыйзамды колдоду