Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:35

ЖК: комитет карызын аэропорттордо төлөөгө жол ачкан мыйзамды колдоду


"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети карыздын айынан сыртка чыгууга тыюу салынган жарандарга айып пулду аэрпорттордо дароо төлөөгө жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды. Жыйында Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев буга байланыштуу төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

"Айып пул салынып, сыртка чыгууга чектөө коюлган жарандар каалаган банктык система менен төлөгөндөн кийин биздин системага төлөндү деп дароо маалымат түшөт. Биздин автоматтык системабыз төлөнгөнү тууралуу протоколду дароо даярдайт. Биздин кызматкерлер Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат системасына кирип туруп ошол эле замат чектөөнү алып салат. Кызматкерлер күнү-түнү нөөмөттө болот",-деп түшүндүрдү.

Былтыр августта Кыргызстанда 180 миңден ашуун жарандын өлкөдөн чыгышына соттун чечими менен бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

Соңку кездери аз суммадагы карыз барлар дагы анын айынан сыртка чыга албай учак билети күйүп кеткен, чыгым болгон учурлар катталып жаткан жана буга нааразы жарандар көбөйүп, алар карызды аба майдандарда, ошол күнү төлөөгө шарт түзүү керектигин талап кылышкан. Бул маселе парламентте дагы көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG