Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

ТИМ: Түркияда мурдагы күйөөсү урган кыргыз келиндин иши көзөмөлдө


Анталия шаары, архивдик сүрөт.
Анталия шаары, архивдик сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Анталия шаарында мурдагы күйөөсү, Түркиянын жараны сабаган кыргызстандык келин тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, жубайлар 2022-жылы декабрда ажырашкан. Соттун чечими менен ортодогу бала энеси менен калган. Келин соңку учурда сот аркылуу алимент өндүрүп алууга аракет кылып жүргөн.

"Ушул жылдын май айында Башкы консулдук Э.Э. аттуу кыргызстандык келиндин маселелерин чечүү үчүн аны адвокат менен жолуктурган. Келиндин баласы (Түркиянын жараны) менен Кыргызстанга баруу маселесинде керектүү кеңеш берилген. Бирок Э.Э. Түркиянын сотунда мурдагы күйөөсүнөн алимент өндүрүү маселеси каралып жаткандыктан, сот жараяндары аяктаганга чейин бул жакта калууну көздөгөн. Келин 21-сентябрда эжеси менен Башкы консулдукка келген. Анда Башкы консулдук үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды колдоо Фонду менен ага керектүү жардам көрсөтүүнү макулдашкан. Бирок Э.Э. белгисиз себептерден улам жардам алуу үчүн аталган фондго кайрылган эмес. Консулдук ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүгө аракет көрүп жатат жана бул маселе көзөмөлдө",- деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда Анталияда кыргызстандык келинди мурдагы күйөөсү токмоктогону тууралуу маалыматтар чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, иштейт же окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көбү бир жылдык туристтик виза менен барган. Негизинен Анкара, Стамбул жана Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG