Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү системаларын текшерет


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин белгиси.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин белгиси.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-октябрда өлкөдөгү эскертүү системалары текшерилерин маалымдады. Анын негизинде бул күнү Бишкек жана Ош шаарларында, облустар менен район борборлорунда сиреналар кыска мөөнөткө, эртең мененки саат 10дон 11ге чейинки аралыкта беш мүнөткө чейин катуу жаңырарын билдирди.

Министрликтин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов эвакуациялоо иштери жүргүзүлбөсүн айтып, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

"Иш-чара 5-октябрь – Кыргызстандагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулуп жатат. Эгер мектептерде, ишканаларда болсоңор, сиреналардын үнүн укканда өзгөчө бир кырдаал болуп кеттиби деп эч коркпоңуздар. Эң негизгиси бул эскертүү системаларын текшерүү гана. Эч кандай эвакуациялоо болбойт",- деди Асанов.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда жыл сайын 400дөй табигый кырсык катталарын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG