Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Түркия Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урду


Анкарада ИИМдин имаратынын алдында 1-октябрда эртең менен жанкечти өзүн жардырып жиберген.
Анкарада ИИМдин имаратынын алдында 1-октябрда эртең менен жанкечти өзүн жардырып жиберген.

Түркия Анкарада жанкечти Ички иштер министрлигинин жанында өзүн жардырып жибергенден кийин Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урду. Анда Күрд жумушчу партиясына таандык 20 объект талкаланганын, үңкүрлөр, бункерлер жана курал-жарак сакталган кампалар бутага алынганын билдирди.

Полиция тараткан маалыматка ылайык, соккунун максаты "Күрд жумушчу партиясы жана башка террорчул элементтерди жок кылуу" болду.

Күрддөрдүн Rudaw маалымат агенттиги Ирактын түндүгүндө, Ирак менен чектешкен аймактагы Кандиль тоо кыркаларындагы район бутага алынганын жазды. Бул тоолордо Күрд жумушчу партиясынын базаларынын бири жайгашкан.

Аталган партиянын сайтындагы маалымата ылайык, Анкарадагы жардырууну алар менен байланышы бар "Өлбөс батальон" тобу уюштурган. Бул топ 2016-жылы Стамбулдагы жардыруу үчүн жоопкерчилик алган.

Анкарада ИИМдин имаратынын алдында 1-октябрда эртең менен жанкечти өзүн жардырып жиберген. Полиция анын шериги атып өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

Reuters агенттигине жогорку мартабалуу аткаминерге шилтеме кылып жардыруу жасагандар Кайсериде бир адамды өлтүрүп, анын автоунаасын айдап кеткени аныкталганын билдирди.

ИИМ түрк парламентинин имаратынын жанында жайгашкан жана жардыруу депутаттар жайкы каникулдан кийинки биринчи жыйынга чогулуп жатканда болду.

Президент Режеп Тайып Эрдоган ошол күнү парламентте сөз сүйлөп, Анкара террорчуларга каршы күрөштү улантарын билдирди.

Жакынкы аралыкта түрк парламенти Швециянын НАТОго кошулуусуна жол ачкан документти ратификациялоо маселесин карайт. Буга чейин Анкара Стокгольмдон террорчулукка айыпталган, Швецияда бозгунда жүргөн күрд активисттерин берүүнү талап кылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG