Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

“Кыргыз темир жолу”: Бээжинде темир жол куруу долбоору талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда долбоорду ишке ашыруу белгисиз мөөнөткө токтоп калганы жөнүндөгү маалыматты четке какты.

Ишкананын Фейсбуктагы барагына жарыяланган билдирүүгө ылайык, долбоорду каржылоо тууралуу соңку үч тараптуу сүйлөшүү 21-сентябрда видеоконференция форматында өткөн. Талкуулар ушул айда Бээжинде дагы уланат.

“Долбоорго байланыштуу маселелерди кароо жана үч тараптуу жолугушууларды улантуу 17-18-октябрда Кытайдын Бээжин шаарында “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумдун алкагында дагы пландалып жатат”,-деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев дагы үч өлкөнүн темир жол куруу долбоору белгисиз мөөнөткө токтоп калганы тууралуу маалыматтарды четке каккан. Ал 30-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде, анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр экенин, каржылоо тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын билдирген.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары каржылоонун айынан долбоорду ишке ашыруу токтоп калганын жазып чыгышкан.

Ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаров Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинде темир жолун куруу тууралуу сөз кылган. Аны ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтерин билдирген.

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG