Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:34

Президенттин кеңешчиси тууну өзгөртүүнү колдой турганын билдирди


Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирди. Ал 29-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына "идеянын өзү туура, колдоого аларлык" деп жазды. Анда желектеги күндүн нурун "күн карамага" окшоштургандар дагы бар экенин белгилеп, “чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура” деп билдирди.

“Чынында "биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик" деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар. Эми гана өлкөбүз өнүгүп-өсүү жолуна ишенимдүү багыт алды. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик туусунун бир элементи эле эмес, түп-тамыры менен таанылгыс кылып өзгөрткөн өлкөлөр бир топ. Желектин кемтик жагын караштырып, алмаштыруудан трагедия жасоонун кереги жок”, - деп жазды Абыкеев.

Мунун алдында, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазган, тууну өзгөртүү каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени жазылган.

Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда”.

“Ошондуктан күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат” деп белгилешкен авторлор.

Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган, анда 3-берене менен тууну сүрөттөө бөлүгү келтирилип, түстүү жана схематикалык чагылдырылышы тиркелген. Анда “Мамлекеттик туу ортосуна кырк нуру тегиз, түз чачыраган алтын түстөгү тегерек күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч түрүндөгү кызыл түстөгү кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт” деп жазылган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен “Түндүктүн радиусу туунун энинин алтысынын бирин түзөт. Нурлуу алкактын сырткы радиусу нурлуу алкактын ички радиусу менен түндүктүн ички айланасынын радиусунун суммасына барабар. Нурлуу алкактын ички радиусу туунун энинин беш жарым бөлүгү менен түндүктүн борборунун аралыгынын эки эселенген суммасына барабар” деген сүрөттөө кошулууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG