Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 100 миңге чукулдады. Бул тууралуу Ереван 29-сентябрда кечинде кабарлады. Армян өкмөтү алардын ичинен 20 миңден ашыгы мамлекеттик турак жай менен камсыз болгонун билдирди.
Жыл башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңдей адам жашап жаткан.
Аталган жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 28-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Бакуну "этностук тазалоого" айыптаган. Азербайжандын бийлиги дооматты четке кагып, Тоолуу Карабакта жашагандарды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.
28-сентябрда эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январында жоюу тууралуу буйрукка кол койгон.
Тоолуу Карабактан агылган качкындар үчүн аймакты Армения байланыштырган Лачын коридорунун жанында гуманитардык борбор ачылган.
Тоолуу Карабактан качкан армяндар
Армяндардын жапырт чыгып кетиши Бакунун аймакты толук көзөмөлгө алганынан кийин болду.
Акыркы отуз жылда Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабак үчүн эки жолу согушкан. Аймак Советтер Союзу кыйрагандан кийин этникалык армяндар байырлаган Азербайжандын анклавы катары таанылган.
Аймак 1994-жылы аяктаган согуштан кийин Армения колдогон этникалык армяндардын көзөмөлүнө өткөн. 2020-жылы Азербайжан аймактын көпчүлүк бөлүгүн жана ага коңшулаш жерлерди өзүнө кайтарып алган.
2020-жылдагы согуш Орусиянын ортомчулугу менен аяктап, аймакка орусиялык тынчтык түзүмдөрү жайгаштырылган. Бирок бул күчтөр азери армиясы Тоолуу Карабакта "терроризмге каршы операция" жүргүзгөндө чатакты токтотууга аракет кылган жок.
Азербайжан чабуул койгонго чейин Тоолуу Карабакты бир нече ай курчап, ага барчу Лачын коридорун жаап салган. Баку муну аймакка мыйзамсыз курал-жарак кириши мүмкүн деп түшүндүргөн. Блокада 120 миңдей тургундардын жашоого керектүү товарларды алышына тоскоолдук кылган.
Азербайжан жолду 24-сентябрда ок атышууну токтоткон макулдашууга кол коюлгандан төрт күн өткөндөн кийин ачкан.
Азербайжан бийлиги этникалык армяндардын укугун сактоого убада берүүдө, бирок Ереван "этникалык тазалоо" болушу мүмкүн экенин эскертти.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжан президенти Илхам Алиевди 26-сентябрда Тоолуу Карабактагы жай тургундарды коргоого чакырган.
Блинкен Бакуну Тоолуу Карабакка гуманитардык жүктү тоскоолдуксуз өткөрүүгө чакырды.
Жикчил аймактын акыйкатчысы Гегам Степанян "Азаттыктын" армян кызматына жарылууда 68 адам каза тапканын билдирди. Жарылуу адамдар түшкөн машине Арменияга бараткан жолдо бензин куюу үчүн кезекте турганда болгон.
Азербайжандын Саламаттык сактоо министрлиги 27-сентябрда азери күчтөрү чабуул койгон маалда 192 аскери курман болуп, 511и жараат алганын билдирген.
Тоолуу Карабактагы этникалык армяндардын өкүлдөрү аскердик аракеттер учурунда 200дөй адам өлгөнүн, анын 10у жай тургун экенин, 400 адам жарадар болгонун билдиришкен.