Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04

ӨКМ машыгуу маалында сиреналар катуу жаңырарын эскертти


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин белгиси.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин белгиси.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-октябрда машыгуу маалында Бишкек жана Ош шаарларында, облустар менен район борборлорунда сиреналар кыска мөөнөткө катуу жаңырарын билдирди. Мындан улам жарандарга кайрылып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

"3-октябрда саат 10дон 11ге чейинки аралыкта беш мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Андыктан жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз. Бул машыгуу! Машыгуунун максаты - өзгөчө кырдаалдар катталган учурда адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу. Иш-чара 5-октябрь – Кыргызстандагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулат", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда жыл сайын 400дөй табигый кырсык катталарын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG