Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

АКШ: Өкүлдөр палатасы убактылуу, 45 күндүк бюджетти жактырды


Кевин Маккарти.
Кевин Маккарти.

АКШнын Өкүлдөр палатасы өкмөттүн, мамлекеттик мекемелердин ишинин токтоп калышына жол бербөө үчүн убактылуу бюджет тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Эми документти президентке кол коюуга жөнөтөрдөн мурда Сенатта дагы добушка коюлат.

Каржылоо долбоору 45 күнгө эсептелген жана аны Өкүлдөр палатасынын республикачыл сенатору Кевин Маккарти сунуштаган. Долбоордо Украинага жардам берүүгө, каралашууга каражат бөлүү каралган эмес.

Учурда Өкүлдөр палатасында республикачылар, ал эми Сенатта демократтар көпчүлүктү түзөт.

Эгерде убактылуу бюджет тууралуу мунаса табылбаса соңку он жылдын ичиндеги төртүнчү “шатдаун” башталмак.

Ак үйдүн өкүлдөрү документти президент Жо Байден колдошу мүмкүндүгүн билдиришти.

АКШда жаңы фискалдык жыл 1-октябрда башталат. Эгер Конгрессте жаңы бюджет тууралуу мунаса табылбаса Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинде федералдык өкмөттүн ишин камсыз кылуу үчүн каражат калбай калат. Бирок конгрессмендер өкмөттүн ишин убактылуу каржылоочу мыйзам долбоорлорун кабыл алса болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG