Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кабарлады. Ага ылайык, бул окуядан улам саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөрдү.

"Жапырт уулануу шаардагы Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында болгон. Жабыркагандар шаурмага ууланышкан. Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар. Калган алты адам амбулатордук дарылоодо. Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жапырт ууланган окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG