Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Ногойбаева зөөкүр экс-күйөөсү жөнүндө бир нече жолу арызданганын айтты


Кылмышка шектүүнүн Ички иштер министрлиги тараткан сүрөтү.
Кылмышка шектүүнүн Ички иштер министрлиги тараткан сүрөтү.

Бишкекке жакын Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактап, кулак-мурдун кескен Асел Ногойбаева биринчи жолу үн катты. Анын кыска видеосу келинге жардам чогултуу үчүн ачылган Инстаграм баракчага жарыяланды. Анда Ногойбаева мурдагы күйөөсүнүн зөөкүрлүгү тууралуу укук коргоо органдарына бир канча жолу кайрылганын, бирок ага каршы чара көрүлбөгөнүн билдирди.

"Кыргызстанга келген күндөн баштап бул зөөкүр менин жанымды бир күн дагы койгон жок. Менин кайрылбаган жерим калган жок, канча жолу арыз жаздым. Канча жолу укук коргоо органдарына кайрылдым. Менин укугум корголгон жок, менин үнүм эч кимге жеткен жок".

Ногойбаеванын билдирүүсү тууралуу Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Ногойбаеванын тууганы Диана Елькен ага дагы операция жасаларын билдирген.

“Тилекке каршы эми кулагы менен мурду мурункудай болбойт. Кулак, мурунунун аз эле бөлүгү сакталып калыптыр. Эми дагы операциялар жасалат”, - деген ал.

Бул үрөй учурган окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан жана зордук-зомбулук маселеси парламентте дагы көтөрүлгөн.

Окуя 20-сентябрда болгон, 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге алгач сегиз сааттык операция жасалганын айткан.

Бул фактыдан улам Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков келиндин ишине байланыштуу кеңешме өткөргөндө бычактоого шек саналып кармалган жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгону, ал пробация менен бошотулганы белгилүү болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 8,5 миңден ашык факт катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG