Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Ошто 12 жаштагы бала кутурмадан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусун жуктуруп алгандан кийин каза болду. Бул маалыматты шаардык балдар ооруканасынын дарыгери Наргиза Абдикаримова тастыктады.

Баланы ит капкан окуя август айында Өзгөн районунда болгон. Анын жакындары убагында дарыгерлерге кайрылган эмес. Өспүрүмдө оорунун белгилери байкалганда гана аны ооруканага алып келишкен. 20-сентябрда андан кутурманын белгилери аныкталып, 26-сентябрда көз жумган.

Август айында Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит каап алган сегиз адам ооруканага жатып чыккан. Алардын арасында үч жашар наристе дагы болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалганын, инфекциянын жайылытпоо үчүн эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар болгонун билдирген.

Жолбун ит андан сырткары үч бодо малга дагы тиш салганы аныкталган.

Адамдарга кутурма оорусу дээрлик 99% учурда иттен (каап алганда шилекейи аркылуу) жугат. Илдетти башка жаныбарлар дагы жайылткан көрүнүштөр кездешет. Адистер ит тиштегенде сөзсүз дарыгерлерге кайрылуу керектигин эскертишет. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG