Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Садыр Жапаров тарыхый инсандарды даңазалоого мезгил жеткенин айтты


Ормон хандын эстелигинин ачылышы.
Ормон хандын эстелигинин ачылышы.

Президент Садыр Жапаров 2-октябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда Ормон хандын (Ормон Ниязбек уулунун) 230 жылдыгына арналган мааракенин алкагында анын эстелигинин ачылышына катышты. Анда сөз сүйлөп эчен жылдардан бери "ар кандай белгилүү себептерден улам, башкача өңүттө бурмаланып айтылып келген тарыхыбызды, тарыхый инсандарыбызды тактап, даңктап, даңазалоого мезгил жеткенин", айтты.

"Элди бир туунун астына бириктирип, жол баштап, кол топтоп, душман беттеп, элдүүлүктү, эгемендикти коргоп келген нечендеген чыгаан инсандарыбыз өткөн. Алардын бири – кыргыз жана казак санжырачылары аттап өтүп кете албаган, кыргыз тарыхында салмактуу орду бар Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгына карата эстелигин ачып олтурабыз. 19-кылымдагы татаал кырдаалда Ормон хан бытыранды кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, хан шайланып, жоопкерчиликти өзүнө алган. Бул окуяны - Кыргыз хандыгынын түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдөгү эң орчундуу окуя катары кароого болот. Ошондуктан Ормон хан атабыздын кыргыз элинин эгемендиги үчүн жасаган эрдиги менен өтөгөн эмгеги татыктуу бааланышы керек. Ормон хан сындуу көз карандысыздыкты коргоого, жерибизди сактап калууга салым кошкон өз мезгилинин чыгаан уулдарына – ата-бабаларыбызга таазим кылып, алардын аттарын даңктап-даңазалайлы",-деди Жапаров.

Тарыхый маалыматтарга ылайык, Ормон Ниязбек уулу (1790-1854-жж) кезинде кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик жана башка уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин “Жер ортосу” аталган Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн. 1842, 1843, 1851-жылдары Ысык-Көлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон бийлигине сокку уруп, чептерин талкалаткан.

1847-жылы Кененсары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыккан. Анда Ормон хан армиясы менен казак ханы Кененсарыны жеңип, бийлигин бекемдеген жана Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүйдү душмандардан коргогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG