Кыргызстандык эки балык чарбага Орусияга азык ташууга уруксат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Россельхознадзор ишканасы Кыргызстандагы "Аква Пром" жана "Аква Сервис" балык чарбаларына азыктарды Орусияга ташууга уруксат берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Буга чейин Кыргызстандан эки балык чарбасына Орусияга товар ташууга уруксат берилген.

Быйыл февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыгын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Ага кыргызстандык ишкерлер алып барган балыктан жана икрадан мите курттар чыкканы тууралуу дооматтар негиз берген. Июнда бир катар балык чарбаларга уруксат берилген.

Кайра апрель айында Кыргызстандан сүт азыктарын да ташып келүүгө тыюу салып, июнда кайра уруксат берген.

Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаа билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөшкөн.

Россельхознадзор ошондой эле кыргызстандык "Тойбосс" компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген "Тойбосс" компаниясы дооматты четке каккан.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл кирдиТажикстанда "Группа 24" кыймылынын мурдагы активисти 8,5 жылга соттолду"Күн кармаган бала": Коомду силкинткен жылаңач чындык "Кыргыз геология" ишканасына 2024-жылы бир миллиард сом бөлүнөт Кыргыз-казак чек арасындагы үч бекетте 500дөн ашык фура топтолду