Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

Кыргыз-казак чек арасындагы үч бекетте 500дөн ашык фура топтолду


"Ак- Тилек" өткөрмө бекети.
"Ак- Тилек" өткөрмө бекети.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде 569 жүк ташуучу машине кезекте турат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын 5-октябрь, саат 14:00гө карата маалыматы боюнча 395 автоунаа "Ак-Тилек" бекетинде, 121и "Кең-Булуң" бекетинде, 53ү Чалдыбар бекетинде Казакстанга өтө албай кезек күтүүдө.

Мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери штаттык негизде иштеп жатат. Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү көбөйгөнү себеп болду. Эки тараптан тең эч кандай чектөө жок.

Казак тараптан кезек күтүү тууралуу расмий маалымат боло элек.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Эки өлкө экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG