Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

Ташиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторуна эскертүү берди. Ал 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, өлкөдө мындан "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын билдирди.

"Кечээ жок кылынган кримтөбөлдүн жанында жүргөндөр коомго каршы баш көтөрүүгө аракет жасай турган болсо, же мыйзамсыз иш-аракеттерге барса мыйзамдын негизинде катуу жазаланат. Мен эскерткен нерсени аткарам. Криминалдык элементтерге кайрылып жатып, аларга мыйзам бузбоо тууралуу эскертем. Биздин өлкөдө эч кандай "мыйзамдагы ууру", кылмыштуу топтордун лидерлери болбойт. Эгер жаңы лидерлерин шайлап, жаңы топ түзгөнгө аракет кылышса катуу жазалайбыз",-деди Ташиев.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн билдирген.

Атайын Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдаган.

Көлбаевдин аты акыркы жолу Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун уулунун тоюнан кийин аталган. Kaktus.media басылмасы жеке булактарына шилтеме берип, быйыл 17-сентябрда Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде уулун үйлөнткөнүн, ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Камчыбек Көлбаев баштаган адамдар катышканын жазган.

Тойдон кийин Келдибеков, Көлбаев, Матраимов жана тойго катышкан дагы бир чиновник УКМКга суракка барганын "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирген.

Келдибеков 4-октябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай маалыматты четке какты. Анын уулунун тоюна баргандар суракка алынганы тууралуу УКМК да комментарий бере элек.

Райымбек Матраимов 4-октябрдын кечинде УКМКда сурак бергени тууралуу маалымат тараган. Азырынча расмий органдар комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG