Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Грозныйда Куранды өрттөөгө шектүү Никита Журавлдин иши сотко өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чеченстандын Грозный шаарында Куранды өрттөөгө шек саналган Никита Журавлдин иши сот өттү жана алгачкы отурум 9-октябрга белгиленди. "Медиазона" сайты сотко шилтеме кылып, Журавлге эки берене менен айып коюлганын жазды.

Анын алдында чечен полициясы аймактын башчысы Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу Журавлди тергөө абагында отурганда сабаган фактыга байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартканы белгилүү болгон. Буга Адам Кадыровдун жашы жете электиги негиз болгону айтылган.

Орусиянын Волгоград шаарында мечиттин жанында Куранды өрттөгөн деген айып менен кармалган Никита Журавль ушул жылы май айында Грозный шаарындагы тергөө абагына жеткирилген. Анын алдында ал Чеченстанда соттолорун улуттук саясат министри Ахмед Дудаев билдирген жана мындай чечимди федералдык бийлик өкүлдөрү кабыл алганын айткан.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин кылмыш ишин Грозныйга өткөрүп берүүнү тапшырган. Юстиция министрлиги дагы шектүүнү "мусулмандар үстөмдүк кылган" региондогу колонияга жөнөтүүнү сунуштаган.

Севастополдо туулган 19 жаштагы Журавль май айында кармалган. Анын алдында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Волгоградда борбордук мечитке жакын жерде тартылган делген 11 секундалык видео жарыялаган. Маалыматка ылайык, кармалган киши курьер болуп иштеген.

Тергөөчүлөр ал 19-майда украин атайын кызматынын тапшырмасы менен акчага Куран китебин өрттөгөн деп айтышкан. Тергөө комитети билдиргендей, шектүү күнөөсүн моюнга алганын, кошуна өлкөнүн коопсуздук кызматы үчүн аскердик жайларды тартып жүргөнүн айткан. Ошол эле маалда тыңчылык тууралуу иштин козголгону маалымдалган эмес.

Динзарлардын сезимин мазактоо беренесинде үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Курандын Швецияда өрттөлүшүн Украинага каршы согушту актоо үчүн пайдаланган. Ал апрелде Москвада мусулмандардын ыйык китебин өрттөө үчүн Киевди айыптаган. Бирок ал окуяга байланыштуу кимдир бирөөнүн кармалганы маалымдалган эмес.

Украина буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG