Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Акылбек Жапаров: "Газпром" газ менен мунай өндүрүүнү сунуштап жатат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештин 4-октябрдагы жыйынында өлкөнүн түштүгүн газдаштыруу, күйүүчү май менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү. Депутат Нурбек Алимбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, "Кыргызнефтегаз" ишканасынын өндүргөн май Ош менен Жалал-Абад облусуна жетиши мүмкүн деген сөздөр бар экенин айтып, буга байланыштуу анын пикирин сурады. Өкмөт башчы учурда Орусиянын "Газпром" ишканасы менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп, айрым сунуштар берилгенин маалымдады,

"Биз 1-январга чейин "Кыргызнефтогаздын" тагдырын аягына чейин чечебиз. Геолгиялык чалгындоо боло турган болсо түштүктү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок чалгындоого чоң инвестиция керек болуп жатат. Бүгүнкү күндө "Газпром" менен "Кыргызнефтегаздын" ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, эки президенттин макулдугу бар. Анда газды толугу менен бөлүп "Газпромго" берүү, нефти боюнча болсо калсын деген сунуш бар. Андан башка дагы "Газпром" газды дагы, нефтини дагы өндүрүүнү берсеңиздер, ал эми кайра иштетүүнү өзүңөргө алып калсаңар деп сунуштап жатат. Биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Алдын ала чалгылоо иштерине караганда бизде ушундай, аймакты толугу менен газ менен камсыз кылып койгонго мүмкүнчүлүк бар экен. Биз өз камыбызды ойлобосок болбой калды",-деди Жапаров.

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге таандык. Ишкана 2021-жылы президент Садыр Жапаров менчиктештирилиши керек деген мамлекеттик мүлктөрдүн тизмесине кирген.

2022-жылдын башында “Temirov Live” YouTube каналы “Кыргызнефтегазга” караштуу "Кыргыз Петролеум Компаниге" Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын катыштыгы тууралуу иликтөө жарыялаган. "Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темадагы берүүдө аталган компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде миллиондогон сом тапканы айтылган.

Ишкананын башчысы жана Камчыбек Ташиев коррупция тууралуу дооматтарды четке каккан.

Каналдын автору, иликтөөчү журналист Болот Темиров менен аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров мындан көп өтпөй маңзатка байланыштуу кармалып, нааразылык акциялардан кийин кайра бошотулган.

Кыргызстанды газ менен камсыз кылууну 2013-жылдан бери орусиялык “Газпром” ишканасы колго алган. Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосунда 2013-жылы түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына толугу менен газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубль жумшоону убада кылган. Бирок "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды толугу менен газдаштыруу планы аткарылбай жатканы боюнча маселе утур-утур көтөрүлүп келет. Өкмөт "Газпром" менен келишимди үзүү ниети жоктугун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Анын негизги бөлүгүн кыргызстандык мунай ташуучулар Орусиянын заводдорунан ташып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG