Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Түндүк-түштүк кошумча жолуна түшкөн таш тазаланып жатат


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тараткан сүрөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тараткан сүрөт.

Түндүк-түштүк кошумча жолунун Арал-Казарман тилкесинде, 270-274-чакырымына түшкөн ташты тазалоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

"Тоо боорунан кулаган таштардын жалпы көлөмү 15 миң м3 түзөт. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат. Жаратылыш кырсыгы 4-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандар жок. Учурда жолдун эки тарабында турган 25-30 чакты машина өткөрүлүп, тазалоо иштери жүрүүдө",-деп жазылган маалыматта.

Август айында дагы бул жолдун аталган тилкесине көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны мурда жол такыр түшпөгөн тилкелер аркылуу салынып жатат.

Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Мындан туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Быйыл жыл башында Көк-Арт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.

Буга чейин жаз айларында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG