Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Чүйдө эки жашар баланын өлүмүнө шек саналып анын энеси камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Көк-Жар конушунда эки жашар баланын өлүмүнө шек саналып анын энеси жана чогуу жашаган түгөйү камалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 28-сентябрда милицияга 2021-жылы туулган наристе белгисиз себептерден улам чарчап калганы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүдө баланын денеси көгала экени белгилүү болгон.

Бул фактыга байланыштуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Соттук-медициналык экспертизада наристе катуу соккудан боору үзүлүп кеткени аныкталган. Кылмышка шек саналып анын 2000-жылы туулган энеси, чогуу жашаган түгөйү, 1996-жылы туулган чет өлкөнүн жараны кармалып, милициянын тергөө абагына киргизилди.
Кылмыш ишин тергөө уланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG