Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

ЖК комитети "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды


Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыккан. 10-июнь, 2023-жыл.Бишкек
Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыккан. 10-июнь, 2023-жыл.Бишкек

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бүгүн, 3-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда кабыл алды.

Талкуу учурда юрист Таттуубүбү Эргешбаева коммерциялык эмес уюмдардын иши ачык-айкын эместиги, каражаты тууралуу отчет бербей келгени тууралуу сөздөрдү четке какты.

"Азыркы мыйзамдардын негизинде коммерциялык эмес уюмдар жабык түрүндө үч отчет тапшырат. Алар биринчиден, Салык кызматына, экинчиси Социалдык комитетке жана Статистика комитетине тапшырат. Андан сырткары бейөкмөт уюмдар өзүнчө ачык отчет берет. Ар уюмдун эсеп-кысабы канча болду деген маалыматты Салык кызматынын сайтынан тапса болот. Дээрлик бардык коммерциялык эмес уюмдардын эсеп-кысаптары накталай эмес формада банк аркылуу жүргүзүлөт. Ошонун баарын Финансылык чалгын кызматы тыкыр карап турат. Эгерде мыйзам бузуу болсо кылмыш жоопкерчилигине тартканга чейин барышат".

Жыйындын башында бейөкмөт уюмдарды бир тараптуу жамандаган сегиз мүнөттүк видео көрсөтүлдү.

Документтин автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасап, анда мамлекеттик эмес уюмдарды көзөмөлдөө керектигин, ачык-айкын иштеши зарылдыгын айтып, өлкөдө бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда алардын салымы болгон деген оюн билдирди.

Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын "чет элдик өкүл" деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

Башында автор катары Нарматова өзү жалгыз көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Коомчулуктагы кызуу талаш-тартыштардан соң бир катар депутаттар авторлуктан баш тартышкан. Мунун себебин алар документте ашыкча чектөөлөр киргизилип жатканы менен байланыштырган.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. 120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

Кайрылууда мыйзам долбоорунда демократия принциптерине карама-каршы келүүчү бир катар басмырлоочу ченемдер бар экени, алар өлкөнүн Баш мыйзамына да туура келбестиги, мамлекеттик органдарга өзүнө жакпаган бейөкмөт уюмду каалагандай жол менен жаап коюу мүмкүнчүлүгү берилип калары, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан уюмдардын ишине да бөгөт коюлары айтылган.

Негизги автор, депутат Надира Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

XS
SM
MD
LG