Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Азери медиасы Тоолуу Карабактын үч экс-президенти кармалганын жазды


Жикчил Тоолуу Карабактын мурдагы президенттеринин бири Араик Арутюнян.
Жикчил Тоолуу Карабактын мурдагы президенттеринин бири Араик Арутюнян.

Азербайжанда бир катар маалымат каражаттары өкмөттөгү ишенимдүү булактарга таянып, жикчил Тоолуу Карабактын мурдагы үч президенти - Араик Арутюнян, Аркадий Гукасян жана Бако Саакян кармалганын кабарлады.

АПА агенттиги алардын баары Степанакерт шаарында колго түшкөнүн, андан ары Бакуга алып келгенин жазды. Мунун алдында азери бийлиги Арутюнянга эл аралык издөө жарыялаган.

Азербайжан аскерлери аталган аймактын парламентинин спикери Давид Ишханянды дагы кармап, Бакуга алып келген.

Report агенттиги кармалгандар "бир катар кылмыштарга" айыпталып жатканын, сот жакында болорун кабарлады.

Соңку кармоолор тууралуу Баку азырынча расмий комментарий бере элек. Армения дагы бул маалыматты ырастап же төгүндөгөн жок.

Азербайжанда сот 28-сентябрда Тоолуу Карабактын мурдагы лидери Рубен Варданянды террорчулукту каржылоого айыптап, төрт айга камакка алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) миссиясы 3-октябрда Тоолуу Карабакта жашаган 120 миңдей армян тектүү калктын миңдейи гана калганын билдирген. Анда Степанакертте жарандык инфраструктурага эч кандай зыян келтирилбегени, бирок калаа ээн калганын белгилеген.

БУУнун түрдүү багыттарында иштеген адистерден турган топ жеринде абал менен таанышуу жана тургундардын гуманитардык муктаждыктарын аныктоо максатында 1-октябрда Толуу Карабакка барган.

Аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган. Армян бийлиги 100 миңден ашуун адам келгенин, алар турак жай менен камсыздалып жатканын маалымдаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз жолдогон.

Азербайжан бийлиги Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG