Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Венецияда автобус көпүрөдөн кулап, 20дан ашык жүргүнчү мерт болду


Шаар мэри Луиджи Бруньяро окуяны "чоң трагедия" деп сыпаттады.
Шаар мэри Луиджи Бруньяро окуяны "чоң трагедия" деп сыпаттады.

Италиянын Венеция шаарында көпүрөдөн жүргүнчү ташыган автобус кулап түшүп, бери дегенде 21 адам мерт болуп, дагы 15 киши жараат алды,

ANSA агенттиги кырсык 3-октябрда кечинде, шаардын Местре кварталында болгонун, автобус он метр бийиктиктеги көпүрөдөн кулап, темир жолдун үстүнө түшкөнүн жазды.

Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат, шаар мэри Луиджи Бруньяро окуяны "чоң трагедия" деп сыпаттады.

"19 адам кырсык болгон жерде мерт болуп, эки киши ооруканада үзүлдү. Жараат алгандардын айырмдарынын абалы оор",-деди мэр.

Кырсыктын себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Венеция аймагынын губернатору журналисттерге набыт болгондордун арасында италиялыктардан сырткары чет өлкөлүктөр дагы бар экенин билдирди. Жергиликтүү Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда каргашада каза тапкандардын арасында украин жарандары да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG