Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Адам укугу боюнча координациялык кеңеш Аселдин окуясын талкуулады


Кылмышка шектүүнүн Ички иштер министрлиги тараткан сүрөтү.
Кылмышка шектүүнүн Ички иштер министрлиги тараткан сүрөтү.

Бүгүн, 4-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Анда Бириккен Улуттар Уюмунун балдар укугу боюнча Конвенциясынын аткарылышы тууралуу өткөн айда Женевада жасалган баяндама тууралуу сөз болду. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанга көчүп келген этностук кыргыздардын маселелери тууралуу маалымат берип, мониторингдин жыйынтыгы менен тааныштырды.

Жыйында Бишкекке жакын Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактап, кулак-мурдун кескен Асел Ногойбаеванын окуясы өзүнчө талкууланды. Буга байланыштуу тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү маалымат берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул окуядан улам кандай чечимдер кабыл алынганын тактаган жок. Буга чейин коомчулукта Аселдин кордолушуна байланыштуу милиция кызматкерлери, судьялар айыпталып, аларга чара көрүү талабы айтылган.

Мурдагы күйөөсүнүн мыкаачылыгынын курмандыгы болгон Асел Ногойбаева биринчи жолу үн каткан. Анын кыска видеосу келинге жардам чогултуу үчүн ачылган Инстаграм баракчага жарыяланган. Анда Ногойбаева мурдагы күйөөсүнүн зөөкүрлүгү тууралуу укук коргоо органдарына бир канча жолу кайрылганын, бирок ага каршы чара көрүлбөгөнүн билдирген.

Ногойбаеванын билдирүүсү тууралуу Ички иштер министрлиги комментарий берген эмес.

Үрөй учурган окуя 20-сентябрда болгон, 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган.

Бул фактыдан улам Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков келиндин ишине байланыштуу кеңешме өткөргөндө бычактоого шек саналып кармалган жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгону, ал пробация менен бошотулганы белгилүү болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 8,5 миңден ашык факт катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG