Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

"Алтуха" аттуу кримтоптун мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту 4-октябрда кылмыш дүйнөсүндө "Алтуха" деген каймана ат менен белгилүү Алтынбек Ибраимовду үй камагына чыгарды. Аталган соттун басма сөз кызматынын билдиришинче, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызды сотко Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсү берген. Чечимге ылайык, ал 26-октябрга чейин үй камагында болот.

Атайын кызмат Ибраимовдун үй камагына чыгышы, тергөөчү эмнеге анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз бергени тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун мүчөсү аталган Алтынбек Ибраимов ушул жылы майда шериктери менен чогуу кармалган. Аларга Кытайдан товар ташып келген ишкерлердин жүгүн тартып алууга байланыштуу айып коюлганы айтылган.

УКМК 2021-жылдын башында, 13-январда Алтынбек Ибраимов кармалганын билдирип, аны колго түшүрүү операциясы тууралуу видео жарыялаган. Анда кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында кармалганын, анын кылмыш дүйнөсүндө негизги орду бар экенин билдирген.

Анын алдында Алтынбек Ибраимовдун Ички иштер министрлигине сурак бергени тууралуу видео жана маалымат таратылган.

Ибраимов шериги Тынчтыкбек Орозалиев менен 2015-жылы "адамды мыйзамсыз эркинен ажыраткан", "опузалап акча талап кылган" деген айып менен камакка алынган.

Ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту карап, судья Дөөлөтбек Турдукожоев "опузалап акча талап кылганы далилденген жок" деген негизде аларды актаган. Ошол эле маалда "баңгизат сактаган" деген айып боюнча төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен, бирок "кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти" деп экөөнү тең абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган.

2018-жылдын декабрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Турдукожоевди жергиликтүү соттун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Мурдагы судьяга бир жылдан кийин кылмыш иши козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG