Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Ташиев кримтөбөл Көлбаевдин өлтүрүлүшү тууралуу үн катты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атайын операцияда өлтүрүлүшү тууралуу учкай комментарий берди. Ал 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюуга байланыштуу мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи.

"Буга 2023-жылдын 4-октябрында УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди. Төрага сөзүн жыйынтыктап жатып мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча президент Садыр Жапаров койгон тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын баса белгиледи", - деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн билдирген.

Атайын Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдаган.

Көлбаевдин аты акыркы жолу Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун уулунун тоюнан кийин аталган. Kaktus.media басылмасы жеке булактарына шилтеме берип, быйыл 17-сентябрда Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде уулун үйлөнткөнүн, ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Камчыбек Көлбаев баштаган адамдар катышканын жазган.

Тойдон кийин Келдибеков, Көлбаев, Матраимов жана тойго катышкан дагы бир чиновник УКМКга суракка барганын "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирген.

Келдибеков 4-октябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай маалыматты четке какты. Анын уулунун тоюна баргандар суракка алынганы тууралуу УКМК да комментарий бере элек.

Райымбек Матраимов 4-октябрдын кечинде УКМКда сурак бергени тууралуу маалымат тараган. Азарынча расмий органдар комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG