Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:35

Кадыровду сындаган чечен активисти Кыргызстандан депортацияланат


Мансур Мовлаев.
Мансур Мовлаев.

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту Кыргызстанда кармалган чеченстандык активист Мансур Мовлаевди мекенине депортациялоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Автандил Кавказ.Реалии басылмасына кабарлады.

Жактоочунун сөзүнө караганда, Мовлаев акыркы сөзүндө депортацияланса чечен күч органдарынын кыйноосуна кабыларын айтып, канча жыл берилсе дагы бул жакта жазасын өтөөнү суранган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) августта Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Мекеме 28 жаштагы шектүү радикалдуу идеологияны карманарын, ал Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында анын эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөп жүргөнүн кошумчалаган. Маалыматта ал быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнү аныкталганы жазылган.

Анын адвокаты Илгиз Насыров шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып коюлганын айткан.

VC.RU сайтындагы маалыматына караганда, Мовлаев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири. Ал 2020-жылы үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG