Аба ырайы: жаан-чачын жаабайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндуз 15…20 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 21…23 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Жапаров Кумтөрдүн улутташтырылышы менен өлкөдө саясий коррупцияны жоюу башталганын билдирдиЖогорку соттогу жана дагы үч жердеги бомба боюнча маалымат текшерилүүдө15 жыл дайынсыз жүргөн жубайларга убактылуу паспорт берилдиОрусияда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти кармалды