Текстил жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 11 млрд сомдон ашты

Тигүү цехи. Бишкек. Август, 2023-жыл

Кыргызстандагы кездеме токуу жана тигүү өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 11 млрд 070 млн 104 400 сомду түздү. Бул былтыркы тогуз айдын көрсөткүчүнө - 6 млрд 281 млн 976 800 сомго караганда дээрлик эки эсе көп.

Улуттук статистика комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, мунун 8 млрд 849 млн 156 300 сому тигүү өнөр жайына таандык. Аталган тармактагы өндүрүш быйыл эки эсе көбөйгөн. Былтыркы тогуз айда көлөм 4 млрд 457,5 млн сом деп эсептелген.

Кыргызстандын экономикасын түзгөн беш тармактын (металлургия, азык-түлүк өндүрүү, энергетика, курулуш материалдарын өндүрүү жана жеңил өнөр жай) ичинен жеңил өнөр жай тармагынын үлүшү 2,3% болгону менен, өндүрүлгөн товардын дээрлик 100% экспортко кетет.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү Кыргызстанда тигүү тармагында 300 миңден ашуун киши иштейт.(ZKo)

Дагы караңыз

Орус армиясынын чабуулу Харьковдо алты кишинин өмүрүн алды Беринг деңизинде климаттан улам он миллиард краб кырылып калдыУкраина: БУУ орус аскерлеринин зомбулугу тууралуу баяндама жарыялады Согуш жана кризис маалында Орусиядан Батышка оогон кыргыз мигранттары